Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.01.2018 15:13

Жалал-Абадда ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун 4 жылдыгы белгиленди (фото)

Turmush -  Жалал-Абадда ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун 4 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, майрамдык иш-чаранын алкагында атайын полктун кызматкерлери келген конокторго жана өздүк курамга аскердик күжүрмөн даярдыктарын көрсөтүп беришти. Андан соң алдыңкы кызматкерлерге ОИИБдин башчысы А.Мамасейитов жана жергиликтүү бийлик тарабынан ардак грамоталар тапшырылды.

«Өзүңүздөргө маалым болгондой, ИИМдин алдындагы атайын полктун түзүлүп, ишин жүргүзүп баштаганына 4 жыл болду. Биздин кызматкерлер облус аймагында кандай гана кылмыш болбосун баарына тартылып, аларга бөгөт коюу ишин алып барышат жана элдин тынчтыгын сакташат. Биз сиздер менен сыймыктанабыз», - деди А.Мамасейитов.

Ден соолукту чыңдоо, жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырууну көздөгөн полктун 4 жылдыгына арналып Жалал-Абаддагы «Шумкар» өзүнчө ротасы тарабынан волейбол оюндары уюштурулду. Анда Жалал-Абад аймагындагы күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдарынын командалары кызуу оюн көрсөтүштү. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөгө бейгелер ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×