Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Жалал-Абад

Ош—Бишкек жолундагы кырсыктан ата-энесинен ажыраган 7 жаштагы кыз комада жатат, абалы оор

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунун 253-чакырымында катталган жол кырсыктан улам ата-энесинен ажыраган 7 жаштагы кыз комадан чыга элек, абалы оор бойдон калууда.

Жол кырсык Ош—Бишкек унаа жолунун 253-чакырымында 13-январда саат 14:10 чамасында катталган. Оор жүк ташуучу унаа менен «Опель Зафира» үлгүсүндөгү унаа кагышып, анын кесепетинен 4 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган. Каза болгон 4 адамдын үчөө бир үй-бүлөнүн мүчөсү болушкан.

Токтогул аймактык ооруканадан алынган маалыматка караганда, ооруканага жеткирилген үч бейтаптын экөө Бишкек шаарына которулуп кетти. Ал эми 7 жаштагы кыздын абалы оор бойдон калууда.

«Кыздын баш мээси чайкалып, катуу жабыркаган. Жамбаш сөөктөрү сынып кеткен. Келгенде эле жандандыруу бөлүмүнө түшкөн, бүгүнкү күнгө чейин кыз өзүнө келе элек. Абалы өтө оор бойдон калууда. Жолдо жүрүүгө мүмкүн болгондо гана Бишкек шаарына которулат», - деп билдиришти ооруканадан.

Унаадагы жүргүнчүлөр Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылынын тургундары болушкан. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөр жеңил унаанын айдооочусу жол кыймылынын эрежелеринин шарттарын сактабагандыгы кырсыкка алып келгенин билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1142
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×