Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Фото - Жалал-Абадда окуучуларды эмгекке үйрөткөн «Менин кирешелүү чарбам» окуусу өттү

Turmush -  Жалал-Абад шаарында Ош, Чүй, Баткен облустарынын аймагынан келген окуучулар үчүн «Менин кирешелүү чарбам» семинары өткөрүлдү. Бул туралуу долбоордун ассистенти Аскат Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, окуучуларды эмгекке үйрөтүүгө багытталган семинарга 7 мугалим жана 29 окуучу катышты. Мында окуучуларга сууну колдонуунун натыйжалуу ыкмалары, санитария жана гигиена темалары боюнча интерактивдүү сабак өткөрүлдү.

Жалал Абад айылдык консультациялык кызматы тарабынан Ош, Чүй, Баткен облустарындагы алыскы 14 мектептин окуучуларына тренингдер болуп келген. Аталган тренингдер Финляндия өкмөтү тарабынан каржылаган «Сууну натыйжалуу пайдалануу — бул туруктуу жамааттарды түзүүнүн негизи» долбоорунун алкагында иш жүзүнө ашырылууда.

Жыйынтыгында сууну натыйжалуу пайдалануу, жашылча-жемиштерди өстүрүүнүн негизги ыкмалары тууралуу маалыматтарды элге жеткиргендиги үчүн окуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Аталган окууда гендердик теңчиликке багытталган иштерди иш жүзүнө ашыруу маселеси да талкууланды. Семинарга жалпы 7 айыл аймактагы 14 мектептин окуучулары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 734
Көп окулду
×