Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Жалал-абаддык кикбоксер А.Алматов иниси менен наабайчылык бизнесин түптөдү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы ага-ини Алматовдор наабайкана ачып, ал жерден нан сатып, киреше табууда. Наабайчылардын иши менен аймактык кабарчы таанышты.

36 жаштагы Абиджан Алматовдун айтымында, ал шаардагы наабайканалардын бирин ижарага алып, иниси Ибрагим менен биргеликте иштетип жатат. Наабайчылык менен алардын атасы дагы алектенчү.

«Атам менен чогуу жүрүп, нан жабуунун сырларын үйрөнүп, иним экөөбүз үй-бүлөлүк бизнести түптөдүк. Иним Ибрагим түнкү саат 03:00 чамасында туруп, камыр жууруп, нан жасайт. Ал эми мен тандырга от жагам. Нан жакшы болушу үчүн биринчи сорттогу ун керек. Мындан сырткары, ун ар кандай витаминдер менен байытылган колориялуу болсо, биз жасаган нан даамдуу болот. Камыр жасаганда ага жумуртка, суу, сүт, шекер, май жана ачыткычтарды кошобуз. Ошондо гана нан даамына чыгат. Бир кап ундан орто эсеп менен 200дөй майда нан жасалат.

Ал эми орто көлөмдөгү нандан 150 даана, чоңунан 90 даана чыгат. Нан жабуу да сезондук жумуш. Анткени жай мезгилинде жана кеч күздө той сезону күчөп турганда буюртма берген кардарлар абдан көп болот. Айрым учурларда жетише албай калабыз. Мисалы, кеч күздө 5миңден – 8 миңге чейин нан жапсак, азыр 2 миң же 3 миңге чейин нан бышырабыз. Биз нандын 3 түрүн жасап, кардарларга сунуштайбыз. Нанды 15 сомдон бааласак, орто көлөмдөгү нан 20, ал эми чоң нандарды 30 сомдон сатабыз», - дейт Абиджан.

Ал кесиби боюнча машыктыруучу болсо да атасынан калган кесипти улап жатканын кошумчалады.

«Мен спорттун кикбоксинг түрү боюнча машыктыруучу болуп эмгектенем. Борбор калаага же башка шаарга мелдештерге кеткенимде бул жерди иним карап турат. Күндүзү бул жакта жумушта болсом, кечкисин сөзсүз спорт залга барып, окуучуларды машыктырып турам», - дейт ал.

Абиджан Алматов 4 уул жана 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2387
Көп окулду
×