Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.01.2018 15:27

Жалал-Абадда турак үйлөрдөн тиричилик буюмдарды уурдап жүргөн 22 жаштагы жигит кармалды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында үйлөргө уурулукка кирип жүргөн жаран кармалды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, шаардагы Спутник, Достук жана Курманбек кичи шаарчаларында үй ээлери жоктугунан пайдаланып уурулукка кирип, үй тиричилигине керектүү эмеректерди уурдап, элге материалдык зыян келтирип жүргөн ууру кармалды.

ШИИБдин жетекчилиги шаардын аймагында катталып, бети ачылбай калган уурулуктардын, айрыкча турак жайлардан болгон уурулуктардын бетин ачуу максатында ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында 2017-жылдын 30-декабрында ыкчам издөө тобунун аракети менен Ноокен районунун Масы айылынын 1995-жылы туулган тургуну Б.М. шектелип кармалды.

Ал өз көрсөтмөсүндө шаар аймагында 15 турак үйгө уурулукка киргендигин айткан. Ал уурдалган буюмдарды саткан жерлеринен далил буюм катары: 10 даана сыналгысы, 2 даана электр, газ плиталары, 2 даана кир жуучу машинасы, 4 даана килем, 3 даана электр меши, идиш-аяктар жана башка көп үй тиричилик буюмдары алынып, ээлерине кайтарылууда.

«Мындан сырткары кармалган жаран Сузак жана Базар-Коргон районунун аймактарында бир катар уурулуктарды жасагандыгы боюнча көрсөтмө берди. Учурда убактылуу кармоочу жайда отурган Б.М. шаардын аймагында катталып, бети ачылбай калган башка кылмыш иштерине тиешеси текшерилүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×