Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абад шаарынын депутаттары мектептерге 400 миң сомдук жардам көрсөтүштү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары эки мектепке жалпы наркы 400 миң сом турган 20 компьютерди белек катары тапшырышты.

Шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаевдин айтымында, депутаттардын демилгеси менен шаардагы №9 жана №16 мектептердин ар бирине 10дон компьютер берилди. Бул мектеп окуучуларынын компьютердик сабаттуулугун арттырууга болгон камкордук болуп саналат.

«Биз муну менен чектелбейбиз. Жаштар биздин келечегибиз болгондуктан аларга жакшы шарт түзүп берүүбүз абзел. Азыр мүмкүнчүлүгүбүз жетишинче жардам берип турсак, көбүрөөк акча каражатын талап кылган иштерди келерки жылдын бюджетине киргизебиз. Андан сырткары, шайлоо убагында депутаттар элге берген бир катар убадаларын аткаруу максатында эл менен жолугуп жатышат. Алардын көпчүлүк суроо-талаптарын жеринде чечип жатабыз», - дейт ал.

Эламан Арапбаев атындагы №16 орто мектептин информатика сабагынын мугалими Чынара Парманованын айтымында, мектептеги компьютерлердин эскилиги жетип, жараксыз болуп калган. Ошондуктан, жаңы компьютерлердин келиши жалпы мектеп үчүн кубанычтуу көрүнүш.

«Эски компьютерлер жаңы чыгып жаткан программаларды көтөрө албай, окуучуларга жетиштүү деңгээлде үйрөтө албай жатканбыз. Балдардын сабакка болгон кызыгуусу да солгундап калган болчу. Эми эл өкүлдөрүнүн бизге көрсөткөн колдоосу менен компьютердик билимди жогорулатып, олимпиадаларга да катыша алабыз», - дейт ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1341
Көп окулду
×