Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Жалал-Абад

«Мекендештер»: Түркияда билим алган Айнагүл Европаны кыдырып, венециялыктарга кыргыз гимнин ырдады (фото)

Turmush -  Түркияда билим алган мекендешибиз Айнагүл Нурлан кызы Европанын бир топ мамлекеттерин кыдырып, венециялыктарга мамлекеттик гимнди ырдап берди. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Айнагүл 1997-жылы 2-ноябрда Жалал-Абад шаарында жарык дүйнѳгѳ келген.

«Социалдык тармактарда Айка Раимбекова деп катталганым үчүн кѳп адамдар мени Айка катары таанышат. Мен 1-классты Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылынын Кеңеш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Аук айылында Алишер Абдрахманов атындагы №31 орто мектепте окуп, биринчи мугалимим Зеби Байтуголовадан окуп жана жазганды үйрѳндүм. 11-классты ушул мектептен аяктаганым менен ортодон башка мектепке которулдум. Мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайга ѳтүү үчүн Кыргыз-түрк «Манас» университетине, Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияга жана Түркиядагы Кастамону университетинин экономикалык факультетиндеги бизнес башкаруу бѳлүмүнѳ документтеримди тапшыргам. Эң кызыгы ушул окуу жайлардын баарына тең өтүп кетиптирмин. Мен Кастамону университетин тандап алдым», - деди ал.

Мекендешибиз Түркиядан бѳлѳк 4-5 ѳнүккѳн мамлекеттерди да кыдырып келүүгѳ жетишкен.

«2017-жылы Россиянын Москва шаарына, Португалиянын Лисабон, Порту, Ковильян шаарларына, Бельгиянын Брюссель борборуна, Италиянын Венеция, Неаполь, Помпеи шаарларына бардым. Окуума байланыштуу мындан бѳлѳк дагы башка ѳлкѳлѳргѳ баруу пландарды келе жаткан жылга жылдырууга туура келди. Чет ѳлкѳгѳ чыккандан бери ар бир баскан кадамымды, алган билимимди Кыргызстанда кантип колдонсом болот жана кайсы жактарын колдонуубуз керек деп көп ойлоном. Мисалы, Түркияда ѳздѳрүнүн продукциясын ѳндүрүү жана жалаң гана ѳз ѳлкѳлсүндѳ чыгарылган товарларды колдонуу максатында сырттан келген товарларга жогорку пайыздагы салык салуу менен мамлекетинин ичиндеги завод-фабрикалардын курулушуна жол ачкан. Ошондой эле, сыртка сатылган товарлардын чыгашаларынын 80 пайызын 3 жылга чейин мамлекет каржылайт жана жеке ишкерге эң биринчи экспорту үчүн 15 миң доллар акчалай жардам берилет. Кыргызстанда да ушул саясатты жүргүзсѳ кѳп мекендештерибиз иш менен камсыз болмок жана Кыргызстандын завод-фабрикаларынын ачылуусуна жана ѳнүгүүсүнѳ жол ачмак», - деди ал.

Айнагүл кыдырып чыккан ѳлкѳлѳрдүн артыкчылыгы менен кемчилиги тууралуу өзүнүн оюн бѳлүштү.

«Европада май куюучу жайлар чанда кездешет экен. Чоң бир шаарда 2 же 3төн кѳп эмес май куюучу жайларды кездештирген жокмун. Португалияда элдин баары унааларын электр менен заряддап алышат экен.

Бельгияга жаңы конорубуз менен суу сатып алгам. Суунун баасы кымбат болгону аз келгенсип, такыр ичүүгѳ жарабаган башкача даамы бар экен. Балким бул ѳзүнчѳ минералдык суу болушу мүмкүн деп башка маркадагы сууну алсам, ал да дал ошондой экен. Учурда мунайзаты бар мамлекет дүйнөдөгү эң бай өлкө болуп эсептелет эмеспи. Бирок андай эмес экен. Анткени элдер мунайзат болбосо унааларын газ менен же болбосо электр тогу менен айдаса болот, ал эми суунун ордун толуктоочу нерсе жок экен. Суусуз 3 күндѳн ашык жашоого мүмкүн эмес. Ошондуктан сууну туура колдонуунун жолун үйрѳнүүбүз керек.

Венеция шаарынын кооздугунан да жайгашкан жери мага башкача дем берди. Тарыхта душмандары ал шаарды ѳзүнѳ багындырып алабыз деген максатта шаарга сууну буруп жиберген. Шаардын жашоочулары ѳз үйлѳрүн сактап калуу үчүн суу ѳтпѳс таштар менен курчап чыккан экен. Азыр өтө кооз шаар. Мен бул жерден «кандай оор жагдайга түшсѳң да, үмүтсүздүктүн оор абалына түшпѳш керек» деген сабак алдым окшойт. Азыр ал шаар ѳзүнѳ миңдеген туристтерди тартып турат.

Баарынан да кызыгы кайсыл мамлекетке барбайын кытайлар аябай кѳп экен. Жада калса Неаполдо да эң чоң портторунун биринде жүрүшөт, ѳздѳрүнүн кемелери жана сарайлары да бар экен. Жалпысынан карап кѳргѳндѳ эң негизги сабак алуучу нерсебиз бул — мээнет экен. Мен бул үлгүнү кытайлардан алсак болот деп ойлойм. Талыкпаган мээнети менен дүйнѳнү багындырышты. Алардын ар бир ойлоп тапкан товарын бүт дүйнө эли колдонот», - деди ал.

Мекендешибиз чет өлкөдө мамлекеттик гимнди кантип ырдаганын айтып берди.

«Түркияда окуп жүргѳн студенттердин бири, тагыраак айтканда Алишер Имамов 18-декабрь — Мамлекеттик гимндин кабыл алынган күнүнѳ карата ким кайсы жерде жүрбөсүн гимнди ырдоону сунуштаган. Баарыбыз анын сунушуна макул болдук. Негизи мен Португалияда гимнди ырдагым келген, бирок шартка байланыштуу Венецияда ырдаганга туура келди. Чет өлкөдө мамлекеттик гимнди ырдоодо башкача сезим пайда болот экен.

Учурда Кыргызстанда эконом класстагы үйлѳрдү куруу жана ипотекалык жеңилдетүүлѳрдү мамлекеттик деңгээлде колдоо тууралуу долбоор жазып жатам. Негизги максатым социалдык тармакта иштеген мугалим, дарыгер жана башка мамлекеттик кызматкерлерге туруктуу турак жайларды жеңилдетилген шарттары менен ипотекага берүү», - деди ал.

Айнагүл үй-бүлѳдѳ жалгыз кыз.

«Бардык ийгиликтерге жетүүмѳ себеп болгон апам Жаркынай Маматкулова, тарбиясын берип, жомок айтып ѳстүргѳн таенем Жибек Маматкулова жана таятам Раимбек Маматкулов, окуума кѳмѳктѳшкѳн таякем Асан Раимбек уулу, моралдык жактан жѳлѳк болгон таежем Акжолтой Маматкуловаларга абдан ыраазымын. Үй-бүлѳдѳ эң улуусу жана эң кичүүсүмүн», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1500
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×