Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда 150 балага өкмөттүн облустагы өкүлүнүн балаты майрамы уюштурулду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн балаты майрамы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Балаты майрамы шаардагы Барпы Алыкулов атындагы драм театрында өткөрүлүп, ага облус боюнча 150 бала чакырылды. Иш-чараны өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков ачып берип, балдарды жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

«Аталган майрамга облустагы 11 район-шаарларындагы мектептерде жакшы окуган окуучулар, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана жетим, жарым жетим балдар болуп жалпы 150 бала чакырылган. Майрамга өкүлдүн резервдик фондунан 135 миң сом акча бөлүнгөн, мындан сырткары жаңы жыл майрамы өткөрүлүүчү залдын жасалгасына 105 миң сом бөлүнгөн. Кечеге аяз ата, аяз кыз жана жомоктогу каармандар да катышып, жагымдуу маанай тартуулашты. Майрамдын жүрүшүндө жомоктор коюлуп, майрамга келген окуучуларга белектер тапшырылды», - дейт облустук социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 323
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×