Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.12.2017 15:23

Кара-Көлдө аз камсыз балдарга жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 26-декабрда Кара-Көл шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энесинен ажыраган балдарга балаты майрамы өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Майрамдык салтанатка шаар мэри И.Еркеев, вице-мэр Г.Сатарова, социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Ч.Тургунбаева катышты. Мэр балатыга келген 230 баланы келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.

Балдар чыгармачыл үйүнүн драмалык ийриминин балдары тарабынан жаңы жылдык театрлаштырылган үзүндүлөр көрсөтүлүп, арасында жомоктогу каармандардан буратино менен мальвина, аяз ата, аяз кыз, шайтан кыздар, карышкыр, тыйын чычкандар да болду. Ошондой эле, периштелер бийи аткырылып, эски жылдын символу болгон корозду узатуу оюн-зоогу көрсөтүлдү. Каармандар майрамга келген балдардын маанайларын көтөрүшүп, соңунда белектер тапшырылды.

Иш-чарага жергиликтүү бюджеттен 170 миң сом бөлүнүп, социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан уюшулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×