Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Жалал-Абад

С.Исаков иш сапары менен Жалал-Абадга барды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 26-декабрда премьер-министр Сапар Исаков иш сапары менен Жалал-Абад облусунда жүрөт, деп билдирет аймактык кабарчы.

Өкмөт башчы иш сапарынын алкагында Жалал-Абад, Майлуу-Суу шаарына жана Базар-Коргон районуна барат. Ошондой эле, ал «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коомунда, ЖАМУда болуп, 1-топтогу майып кызы бар колдоого муктаж Айжаңыл Семетеевага колдоо көрсөтмөкчү.

Мындан тышкары, Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы Кара-Дарыя жээгин бекемдөө иштери менен таанышуу, «Кыргызнефтегаз» ААКнын транспорттук техникалык башкармалыгынын иши менен таанышуу, «Майлуу-Суу лампа завод» ЖЧКнын жамааты менен жолугушуу пландалган.

Учурда өкмөт башчы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушууда. Премьер-министр аталган окуу жайдагы студенттерге түзүлгөн шарттар менен таанышып чыкты. Ал «Америка ордосу» ресурстук борборунун жана Конфуций институтунун мүмкүнчүлүктөрүн көрүп чыкты. Мындагы окуу жайда 12 миңден ашуун студент бар.

С.Исаков окуу жайдын студенттери менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берүүдө. Өкмөт башчы «Таза коом» долбоору ишке ашса, өлкөдө коррупция болбой, анын киреше бөлүгү көбөйө турганын белгиледи.

Ошондой эле, ал «Кыргызнефтегаз» ААК менен «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧКнын ишмердигин көрүү үчүн келгенин, ал мекемелерди жакшыртуу багытында иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 776
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×