Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абадда ар улуттун өкүлдөрү катышкан «Ырдайлы кыргыз ырларын» фестивалы өттү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында «Ырдайлы кыргыз ырларын» аттуу фестиваль өтүп, ага 6 диаспоранын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Саамалыкта алгач ар улуттун жана кыргыздын улуттук даамдары үчүн жармаңке уюштурулду. Андан кийин башка улуттун өкүлдөрү кыргыз тилинде мекенди, элди даңктаган патриоттук ырларды ырдашып, улуттук бийлерди бийлешти.

Иш-чара Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын облустук бөлүмү тарабынан демилгеленип, жергиликтүү бийликтин колдоосу менен өткөн. Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, жакындаштырууну көздөгөн фестивалга 100дөн ашык жаран катышып, активдүү катышкандарга сыйлыктар тапшырылды.

Эске салсак, облуста 8 диаспоранын өкүлдөрү бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 662
Көп окулду
×