Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

37 жаштагы Руслан Алтымышев Жалал-Абад шаарынын вице-мэри болуп дайындалды

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Айзат Раматиллаева кызматын тапшырып, анын ордуна Руслан Алтымышев дайындалды.

Жалал-Абад шаардык мэриядан кабарлангандай, Р.Алтымышев 1980-жылы туулган. Жогорку билимдүү, шаардагы коммерциялык институттун Финансы жана насыя факультетин аяктаган. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын Менеджмент факультетинде билим алган.

Бир катар эл аралык уюмдардын долбоорлорунда иштеген. Эмгек жолун жеке ишкердиктен баштап, шаардагы Өнөр жай курулуш банкында, Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунда, Экономика министрлигинин облустагы өкүлчүлүгүндө, Экономика министрлигинде ар кандай кызматтарды аркалаган. Акыркы кездерде «Кальцит» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкаруучусу болуп иштеп келген.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 805
Көп окулду
×