Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.12.2017 11:26

Жалал-Абадда энергетиктерге 5 унаа тапшырылды (фото)

Turmush -  «Жалалабатэлектро» ААКта Энергетиктер күнү белгиленип, кызматтык унаалар тапшырылды.

Маалым болгондой, кесиптик майрамга Улуттук энергетикалык холдинг башкармалыгынын электр энергия жана жылуулук бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Рустам Садыков жана облус жетекчилери катышты. Өмүрүн энергетика тармагына арнаган кызматкерлер Энергохолдингдин медалдары жана ардак грамоталары менен сыйланышты. Салтанаттын аягында «УАЗ» үлгүсүндөгү 2 унаа жана «Лабо» үлгүсүндөгү 3 унаа тапшырылды.

Алар алыскы тоолуу райондордогу электр тармактар ишканаларына берилет. Тактап айтканда «УАЗ» унаасы Кочкор-Ата шаарына, Токтогул районуна, «Лабо» унаалары Жалал-Абад, Көк-Арт РЭСине жана Базар-Коргон райондук электр тармактар ишканасына берилди. Бул кызматтык унаалар ачык акционердик коомдун өз каражатына алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×