Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Жалал-Абад

8 күндөн бери Жалал-Абаддагы 50 батирлүү үйдө суу жок

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жашоочулары шаардык бийликке кайрылышты.

Токтогул көчөсүндөгү №11 көп кабаттуу үйдүн башчысы Бакыт Өмүрзаков 50 батирлүү үйдүн жашоочулары кошумча каражат сурап, мэрия менен шаардык кеңешке кайрылганын белгиледи. Анын айтымында, жашоочулар суу түтүктөрүн сатып алууга жана аларды орнотууга топтогон акча жетишсиз болуп жатат.

Тургундар белгилегендей, 8 күндөн бери суу чыкпай, алар сууну коңшу көчөлөрдөн жана №4 мектептин короосунан ташып келүүдө. Өткөн жумада басымдын күчтүүлүгүнөн үйдүн жер төлөсүндөгү суу түтүктөр жарылып, суу чыкпай калган.

«Жалал-Абад сууканал» муниципалдык ишканасы башкы инженер баштаган кызматкерлер жагдайды изилдеп жатканын билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1004
Көп окулду
×