Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абадда үй-бүлөдөгү зомбулукту алдын алуу талкууланды

Turmush -  Жалал-Абад шаарында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча семинар өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга иш-чаранын уюштуруучусу Гүлмайрам Аттокурова билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары үй-бүлөдөгү зомбулуктардын саны өсүп, анын кесепетинен аялдардын жана балдардын жашоосунда көйгөйлөр пайда болуп жатат.

«Мындай терс көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн комплекстүү аракеттерди жасап, биргеликте күрөшүү зарыл. Иш-чара «Ариет — аялдардын укугун коргоо» коомдук фонду тарабынан АКШнын мамлекеттик департаментинин «Кыргызстанда гендердик теңсиздик жана зордук-зомбулуктун алдын алуу» долбоорунун негизинде уюштурулду», - деди ал.

Иш-чарага шаардагы аймактык башкаруунун өкүлдөрү, Сузак районунун аксакалдар соту жана өспүрүмдөр менен иш алып баруучу инспекторлор катышты. Семинардын жүрүшүндө аксакалдар сотунун төрагалары зомбулукту токтотуунун ар кандай жолдорун сунуштап, катышуучулар «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө» мыйзам тууралуу кеңири маалымат алышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 990
Көп окулду
×