Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абад шаарындагы супермаркеттерге жаңы жыл алдында мониторинг жүргүзүлдү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жаңы жыл алдында супермаркеттерге мониторинг жүргүзүлдү.

Маалым болгондой, мониторингге Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облусундагы бөлүмүнүн, Экономика министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борборунун мамлекеттик метрология борборунун облустагы өкүлүнүн, шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун өкүлдөрү катышты.

Мониторингдин жүрүшүндө Жалал-Абад шаарындагы супермаркеттердин биринен сакталуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн ун азыктарынан жасалган шириндиктерди, желим идишке салынган балыктардын сатылып жатканы белгилүү болду. Ошондой эле, сүт азыктарынан жасалган азыктарды мөөнөтү өтүп кетсе да сатыкта турганы супермаркеттерге жүргүзүлгөн мониторинг учурунда ачыкталды.

Мониторингдин максаты керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдүн сатыкта туруусуна бөгөт коюу болуп саналат. Бул кадамдын жүрүшүндө мониторинг жүргүзгөндөр борбордук Ленин көчөсүндө жайгашкан супермаркеттерден үй шартында жасалган салаттын желим идиште сатыкта турганына күбө болушту. Андагы салаттар кайсыл күнү келгени жазылган эмес. Бул суроого маркеттин администратору «салаттардын келген күнүн өзүбүз билебиз» деп жооп берди. Бирок бул керектөөчүлөр үчүн кооптуулук жаралышы мүмкүн экенин санэпидкөзөмөл борборунун санитардык дарыгери Гүлмира Күчүмкулова баса белгиледи.

«Коомдук саламаттыкты сактоо мыйзамынын негизинде үй шартында даярдалган салаттарды сатууга тыюу салабыз. Эч кандай эн белгиси, маркировкасы жок эле салаттар сатылып жатат. Ким тарабынан жана качан жасалгандыгы, канча мөөнөткө чейин жарактуу экени белгисиз. Биз жарандарды мөөнөтү жок сатылып жаткан азыктарды, салаттарды албоого чакырат элек. Биз бир жылда бир жолу гана текшерүүгө укуктуубуз, текшерүүбүз чектелүү болгондуктан талапка жооп бербеген азыктар арбын болууда», - дейт санитардык дарыгер.

Андан сырткары мөөнөтү көрсөтүлбөстөн сыртында баасы гана жазылган шириндиктердин сатылып жатканы ачыкталды. Ал эми Жалал-Абад шаарына кире бериш жердеги супермаркетте мөөнөтү өтүп кетсе да сатыкта турган сүт азыктарынан жасалган товарлар боюнча акт түзүлдү.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облусундагы бөлүмүнүн башчысы Ниязбек Мойдиновдун айтымында, кандай гана азык-түлүк болбосун өндүрүшчүлөрдүн даректери жазылышы керек.

«Өзүңүздөр күбө болгондой ун азыктарынан жасалган шириндиктер, булочкалардын баасы гана коюлган, качан жана кайдан чыкканы, жарактуу мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Мөөнөтү, өндүрүшчүнүн аты-жөнү көрсөтүлбөгөн товарларды сатууга тыюу салынат. Ага карабастан талаптар көпчүлүк жерде сакталбай жатат. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мыйзамдын негизинде талапка жооп бербеген товарларды сатыктан алып салуу боюнча алгач жазма буйрук бере алабыз. 10 күн ичинде кемчиликтерди жоюу керек. Болбосо 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин айып салынат. Мониторинг жүргүзүүнүн алкагында эки супермаркетке акт түзүлдү», - дейт Н.Мойдинов.

Мониторинг жүргүзүү базарларда дагы улантылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1809
Көп окулду
×