Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 19.12.2017 15:39

Жалал-Абадда «Мигранттарга чалуу» акциясы өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 19-декабрьда Жалал-Абад шаарында Миграция күнүнө карата «Мигранттарга чалуу» акциясы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Аталган акция Жалал-Абад шаардык мэриясы жана ISEDA коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

«Акциянын алкагында шаар тургундары жана меймандары чет жакта мигрант болуп жүргөн туугандарына акысыз телефон чалып, сүйлөшө алышты. Мындай акция буга чейин былтыры да болуп өткөн», - дейт Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адиси Г.Базаркулова.

Белгилей кетсек, шаар боюнча 9000ден ашуун адам чет жактарда мигрант болуп жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×