Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абаддагы жаш мугалимдерге төкмө акын И.Айитбаев да сабак өттү (фото)

Turmush -  ЖАМУнун чоң жыйындар залында 14-декабрь күнү облустун жаш мугалимдерине арналган «Мен – жаш мугалим» темасында семинар өттү.

Ал президенттик аппараттын алдындагы «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду, Жалал-Абад шаардык жаштар комитети жана ЖАМУ тарабынан биргеликте уюштурулду. Ага Жалал-Абад облусунун аймактарында эмгектенген жаш мугалимдер катышкан.

«Ыйман» фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбаевдин айтымында, семинар «интеллектуалдык инвестиция» долбоору аркылуу уюшулуп, үч лектор катышуучуларга сабак өттү. Алар — Президенттик аппараттын алдындагы этностор, диний жана жарандык коом менен өз ара байланышуу бөлүмүнүн эксперти Санжар Тажыматов, «Р.Отунбаеванын демилгелери» фондунун өкүлү Асылбек Жооданбаев жана төкмө акын Идирис Айитбаев болду.

Ошондой эле ЖАМУнун проректору Айгүл Доранова иш-чаранын ачылышында учурда жаш мугалимдерге коом суусап турганын белгилеп өттү.

«Сиздер келечек муунду жаңыча көз караш менен тарбиялап, мамлекетке чоң салым кошосуздар. Мугалим — мөмөлүү дарак, сиздердин мөмөңүздөр жемиштүү болсо мамлекеттин өнүккөнү ошол деп билебиз. Балдарды туура тарбиялап, татыктуу билим берүү мугалимдердин колунда. Азыркы болуп жаткан семинардан жакшы жыйынтык алып, келечекте пайдалуу колдоносуздар деген ишеничтебиз», - деди А.Доранова.

Лекция окуган агайлар өздөрүнүн билимдерин, тажрыйбаларын жаш мугалимдерге айтып үйрөтүштү.

Иш-чаранын соңунда мыкты мугалимдер Ардак грамота менен сыйланып, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулары Таалай Мырзахметов менен Жоомарт уулу Медербек да грамотага ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 503
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×