Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 18.12.2017 16:01

Жалал-Абаддын борборуна жаңы жылдык балаты орнотулду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтына 18-декабрда жаңы жылдык балаты орнотулду.

Жалал-Абад шаардык коммуналдык жактан кызмат көрсөтүү ишканасынын жумушчуларынын айтымында, анын бийиктиги болжолдуу түрдө 20 метрге жетет.

Жумушчулардын билдиришинче, азыркы убакта «Эркиндик» аянтындагы арчага жана анын туш-тарабындагы бак-дарактарга, аянттын ортосундагы оргуманын жабдыктарына, темир мамыларга түнкүсүн жарык берип, кооздук тартуулаган электр зымдары туташтырылып жатат.

Жаңы жылдык шаан-шөкөттөрдү өткөрүүгө жана шаардын көчөлөрүн жасалгалоо менен жаңы жылдык арча-балатыларды олтургузуу үчүн Жалал-Абад шаардык мэриясы тиешелүү каражат бөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×