Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда жаңы жылдык жармаңке ачылды

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын алдында — Ленин жана Эркиндик көчөлөрүндө жаңы жылдык жармаңке ачылды, деп билдирди аймактык кабарчы. Жармаңкени шаардагы соодагерлер менен ишкерлер уюштуруп, анда жаңы жылдык кийим-кечек, оюнчуктар сатылууда.

Ошондой эле, балаты майрамын майрамдоого балдар жана жаштар үчүн буюм-тайымдар коюлду. Алардын баалары да ар түрдүү, балдар үчүн маскалардын баасы 10 сомдон башталат. Оюнчуктардын бир тобу 85 сом, жасалма арча 1700 сом деп бааланууда.

Ал эми базарды жандай кеткен Эркиндик көчөсүнүн жээгинде жашылча-жемиштердин, азык-түлүктөрдүн жармаңкеси ачылган. Анда мандарин чоң, кичинесине карай килограммы 80-120 сомдон, банандын бир даанасы 20-25, алманын килограммы 33-60, жүзүм — 150 сомдон, кивинин даанасы 15 сомдон сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 529
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×