Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абадда үйү менен кошо күйүп кеткен аялдын кошунасы окуя тууралуу айтып берди (фото, видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында үйү менен кошо күйүп кеткен 67 жаштагы аял жалгыз жашачу.

Маркумдун кошунасы Жамал Акинованын айтымында, анын бир уулу, бир кызы бар. Алар Бишкек шаарында жашап, бирок бат-баттан келип, кабар алып турушчу.

«Эже менен көп жылдардан бери таанышпыз, жаңы көчүп келген кезден бери ал үйүндө жалгыз жашачу. Үйүндө 5 тоок жана мышык, иттерди бакчу. Акыркы кезде күн сууктап кеткендиктен эженин бронхит оорусу кармап, ооруп жаткан. Мен үйүнө барып, эжеден бат-баттан кабар алып турчумун. Кечээ күндүзгү саат 10:00 чамасында үйүнө барсам, ал банкка акча түшкөнүн жана аны алганы кетип жатканын айтып, базарга чогуу барып келүүмдү өтүндү. Бирок менин убактым тар болгондуктан барган эмес элем. Кечки саат 21:00дөн өткөндө кошуна чуркап чыгып, Айжамал эженин үйү өрттөнгөнүн айтты. Келсем эле үй өрттөнүп кетиптир, эженин денесинин дээрлик 100%ы күйүп калыптыр. Ал эми анын иниси ооруканага кеткен экен. Мен уулу менен кызына телефон чалып чакырдым», - дейт Ж.Акинова.

Облустук ооруканадан алынган маалыматка караганда, аялдын денеси кошо күйгөн үйдөн өрттөн жабыркаган 1960-жылы туулган Э.М. дарыгерлерден жардам алып, чыгып кеткен.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Жалал-Абад шаарындагы Жамашев көчөсүндөгү 50 чарчы метр аянттагы турак үй толугу менен күйгөн. Көз жумган аял үйдүн ээси — 1950-жылы туулган А.Т. экени такталып, күйүп калган жансыз денесин өрт өчүрүүчүлөр алып чыгышкан. Ал эми, анын жанындагы эркек киши ооруканага түшкөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10478
Көп окулду
×