Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Жалал-абаддык аял үйү менен кошо күйүп кетти

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы өрт чыккан үйдөн аял кишинин денеси табылды. Анын жанындагы эркек адам жаракат алган.

Бүгүн, 15-декабрда ӨКМ билдирген маалымат боюнча, Жамашев көчөсүндөгү 50 чарчы метр аянттагы турак үй толугу менен күйгөн. Көз жумгал аял үйдүн ээси — 1950-жылы туулган А.Т. экени такталып, күйүп калган жансыз денесин өрт өчүрүүчүлөр алып чыгышкан. Ал эми, анын жанындагы эркек кишини дарыгерлер ооруканага алып кетишти.

Учурда жабырлануучунун аты-жөнү жана өрттүн себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1523
Көп окулду
×