Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.12.2017 14:10

Жалал-Абадда жүрүп бараткан унаадан өрт чыкты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 14-декабрда Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин көчөсүндө жүрүп бара жаткан «Нексия» үлгүсүндөгү жеңил унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Патрулдук милициянын облустук бөлүмүнүн маалыматына караганда, унаада айдоочу гана болгон. Алдын ала маалыматка караганда өрт унаанын мотор жагындагы кыска туташуудан улам чыккан. Өрт кырсыгынын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес. Унаадан чыккан өрттү жолоочулар өрт өчүрүүчүлөр келгенче өчүрүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×