Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абаддагы сүрөт мектепте исскуство бөлүмү ачылды

Turmush -  Жалал-Абад облустук китепканасында 12-декабрь — Улуттук дабият күнү белгиленди. Бул тууралуу облустук китепканадан билдиришти.

Иш-чарага облустун борборунда жашаган акын-жазуучулар менен окурмандар, китепкана кызматкерлери, мектеп окуучулары жана студенттер катышты. Анда жергиликтүү акын-жазуучулар өз чыгармачылыктары тууралуу баян курушуп, өздөрүнүн жаңы ырларынан көркөм окуп беришти. Ал эми ушул жылдын 10-ноябрында Жалал-Абад облусундагы көркөм сүрөт жатак мектебинде Жалал-Абад облустук китепкана тарабынан искусство бөлүмү ачылды. Ачылышка Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Р.Козукеев, Жалал-Абад шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы С.Асилбекова жана китепкана кызматкерлери катышты.

Майрамдык салтанатта «Жаны келген китептер — балдарга», «Искусство — элге таандык» аталышындагы китеп көргөзмөлөрү ачылды. Андан тышкары, «Сиздер билесиздерби?» суроо-жооп кечеси уюштурулду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 974
Көп окулду
×