Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Жалал-Абадда Конфуций институтунун жаңы имараты ачылып, билим сынагы өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунун жаңы имаратынын ачылыш аземи жана Кытай Эл Республикасынын «Улуу Жибек жолунун» 3-кубогу үчүн Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча билим сынагы өткөрүлдү.

Ушул жылдын 8-декабрында өткөн салтанатты ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов өзү ачып, Синьцзян университети менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ортосундагы жакшы келишимдин негизинде түзүлгөн бул окуу жай аймактагы тил үйрөнүүнү каалаган жаштар үчүн жакшы шарттардын бири болгондугун баса белгиледи.

Иш-чарага Кытай Эл Республикасынын Оштогу башкы консулу Сунг Ли Чун мырза келип, куттуктоо сөзүн айтып, Конфуций институту аркылуу эки элдин достук алакаларын өнүктүрүү керектигин айтып, «Улуу Жибек жолунун» 3-кубогу боюнча сынакка демөөрчүлүк көрсөттү. Ош, Баткен облустарынан келген коноктор, Кытай ишканаларынын жетекчилери, Жалал-Абад облустук администрациясынан, мэриядан келген өкүлдөр, ЖАМУнун проректорлору, директорлору Конфуций институтуна ийгиликтерди каалашты.

Кытай тилин үйрөнүп жаткан студенттерди моралдык жана материалдык жактан колдоо, эки элдин достугун мындан ары да бекемдөө максатында өткөрүлгөн билим сынагына ОшМУдан, Баткен облусунан, Жалал-Абад шаарынан, ЖАМУдан жалпы 20 студент катышып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду ОшМУнун алдындагы Конфуций институтунун студенти Н.Исмаилов, К.Тойгонбаев, Узак уулу Мирландар утуп алышып, ноутбук менен сыйланышты. 2-орунду ОшМУдан Абдыкалы уулу Өмүрбек, Кенжегулов Аллаберди, ЖАМУдан М.Абдраимов ээлешсе, 3-орунду ОшМУдан келген М.Мадраимова, ЖАМУдан катышкан Ж.Кубанычбекова, Пайзидин уулу Бекболот алып, компьютер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1037
Көп окулду
×