Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Жалал-Абад

Экстремизм жана терроризмге каршы жалал-абаддык жаштар жөө жүрүшкө чыгышты (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери экстремизмге жана терроризмге азгырылбоого чакырык ташталган жөө жүрүшкө чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бул саамалык Жалал-Абад шаарында «Ыйман биримдиктин, тынчтыктын өзөгү» деген аталышта жарыяланган бир айлыктын алкагында өткөрүлүп жатат. Бир айлыкты утурлай шаардык мэрия, ички иштер органдары, улуттук коопсуздук кызматы, облустук казыят биргеликте экстремиздин алдын алуу боюнча биргеликте иш алып барышты.

«6-октябрдан 6-декабрга чейин «Ыйман биримдиктин, тынчтыктын өзөгү» деп аталган бир айлык жарыялаганбыз. Окуу жайларда, мектептерде экстремизмдин алдын алуу багытын көздөгөн иш-чаралар тынымсыз өтүп келди. Жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары менен казыят биргеликте иш алып бардык. Бүгүн жөө жүрүш менен жыйынтыкталып жатат. Түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп жаткандыктан Сирияга алданып чыгып кеткендердин саны азайды», - дейт шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев.

Облустук казыяттын белгилөөсүндө жаштарга «Ислам терроризмге каршы, экстремизм жана терроризм ислам эмес» деген теманын үстүндө да түшүндүрүү иши жүргүзүлдү.

Облустан Сирияга 40тан ашуун жашоочу кеткени айтылып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 523
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×