Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда мыкты аккордеончулар белгилүү болду

Turmush -  Бүгүн, 8-декабрда Жалал-Абад облустук Барпы театрында КРнын телекызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, анда ЖТР телеканалы уюштурган «Ойно, аккордеон» теледолбоорунун жеңүүчүлөрү белгилүү болду.

Атайын комиссиянын чыгарган чечими менен райондор арасындагы биринчи орун Токтогул районунун аккордеончулар тобуна, 2-орун Сузак жана 3-орун Ноокен районунун аккордеончу өнөрпоздоруна ыйгарылды.

Анда аккордеон менен кыргыз ырларын шаңшыта ойногон жеке таланттар да аныкталды. Токтогул райондук Маданият үйүнүн кызматкери Эркин Батырканов «Эң мыкты аккордеончу» деп табылды. Сузак районунан ырчы - музыкант Базарбай Мадоморов «Мыкты аккордеончу» деп аталды. Бул долбоор КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан мыкты долбоор деп табылган. Театрдын сахнасында жеңүүчүлөрдүн гала концерти болуп өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 634
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×