Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.12.2017 21:25

Жалал-Абаддагы футболчу кыздар эрте никеге каршы

Turmush -  Жалал-Абад шаарында «Биз эрте никеге каршыбыз» урааны менен калаадагы №2 жана №11 орто мектептердин кыздар командаларынын футбол оюну боюнча беттешүүсү болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Беттешүүнү АКШ консулдугунун демократиялык комиссиясы колдоду. Мелдештин жыйынтыгында 10:1 эсеби менен №11 орто мектептин футболчу кыздары жеңишке жетишип, ийгилик ээлери болушту. Аларга беттешүүнүн кубогун Тынчтык корпусунун ыктыярчысы Ж.Вайнер тапшырды.

Аталган эки мектепте тең кыздардан куралган футболдук команда бар. Алар шаардык, облустук мелдештерге катышып, байге алып жүрүшөт. Футболчу кыздардын бул жолку таймашы көрүүчүлөр менен спорт ышкыбоздорунун кызыгуусун арттырып, алар оюнчуларды сүрөөнгө алышты.

Беттешүүнүн жыйынтыгында футболчу кыздар «Биз эрте никеге каршыбыз» деген ураан менен өтүп жаткан акцияларды колдой турганын айтышып, жаштарды спорт менен машыгууга жана сергек жашоо образына үндөштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×