Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Саунада таанышканбыз: Жалал-абаддык 18 жаштагы жигит тааныш кызын өлтүрүп, короосуна көмүп койгон (видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын 18 жаштагы тургуну өзүнүн тааныш кызын муунтуп өлтүрүп, үйүнүн короосуна көмүп койгондугу аныкталды.

ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя ушул жылдын октябрь айынын ортосунда түнкү саат 01:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Загорная көчөсүндө кылмышка шектүүнүн үйүндө катталган.

Бул кылмыштын бети Жалал-Абад облусу боюнча транспорттук ИИБдин кызматкерлери тарабынан кечээ, 23-ноябрда жүргүзүлгөн «Нелегал» атайын иликтөө иштеринин жүрүшүндө ачылган.

«Жалал-Абад шаарынын Загорная көчөсүнүн 1999-жылы туулган Ю.Ю. аттуу тургуну үйүнө келген 22 жаштагы тааныш кызын муунтуп өлтүрүп, өзү жашаган үйдүн короосунда жерди 60-70 см тереңдикте казып көмүп койгондугу аныкталды. Окуя болгон жерге Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги жана тергөө тобу чыгып, тиешелүү материалдар чогултулуп, экспертизалар дайындалган соң ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп баштаган. Жалал-Абад шаарынын тургуну Ю.Ю. өзүнүн көрсөтмөсүндө окуя болгон күнү Пери аттуу тааныш кызы анын үйүнө келип: "мага 8000 сом бер, болбосо мени зордуктады деп милицияга арыз жазам" деп айткандыгын жана ал корккондуктан аны муунтуп, өлтүрүп алгандыгын билдирген», - деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран окуя кандай болгондугун көрсөтүп берген учурда муунтуп өлтүргөн кыз менен саунадан таанышкандыгын жана ал акча талап кылгандыктан ачуусу келип, аны колу менен муунтуп өлтүргөндүгүн айтып берген.

«Бул кыз саунада иштечү. Мен ошол жерде кум-шыбак кылып иштеп жүргөндө таанышканбыз. Оңдоо иштери 10 күндүн ичинде бүттү. Андан кийин туулган күнгө бардык, андан кийин үйгө келгем. Бир саат өткөндөн кийин ал аркамдан үйүмө издеп келип, 8000 сом талап кылды. Ал мас абалда болчу. Аны алып келген таксист кетип калды. Биз уруша кетип, мен аны колум менен муунттум. 15 мүнөттөн кийин ал эсин жоготуп кулап калды. Мен ага суу чачып, эсине келтирүүгө аракет кылдым. Андан кийин өлүп калганын билдим. Мен шок абалда болуп калдым», - деди ал.

Ошондой эле, шектүү жубайы жакында эле көз жарып, өзүнүн бир туугандарынын үйүнө кеткендигин айткан. Ал үйүндө бир тууган иниси жана жубайы болуп жашап жатышкан.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 37699
Көп окулду
×