Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Жалал-Абад

Салайдин Авазов кайрадан Жалал-Абаддын мэри болду (өмүр баяны)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын мэри болуп кайрадан Салайдин Авазов шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 23-ноябрда шаар башчысын шайлоо өтүп, ага жалпы шаардык кеңештин 31 депутаты тең катышты.

Жыйында С.Авазов өзүнүн программасы тууралуу айтып берди. Ал «Үлгүлүү шаар» долбоору менен бир топ жумуштарды аткарарын билдирип, 7 багытта өз программасын кабыл алганын белгиледи.

Ал эми экинчи талапкер М.Адылбеков «Жалал-Абад өнүккөн шаар» аталышта өз программасын иштеп чыккандыгын, шаардагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүү, чатырларын алмаштыруу боюнча жергиликтүү жашоочулар менен биргеликте иш алып баруу зарылдыгын белгилеп, бирок мэрликке талапкерликтен баш тарта турганын билдирди.

«Депутаттар сүйлөшүп ушул чечимге келдик. Мен жашмын, шаар үчүн алдыда көп иштерди аткарам деп ойлойм. Биздин депутаттар да Салайдин Авазовдун талапкерлигин колдойт», - деди М.Адылбеков.

Жыйынтыгында С.Авазовдун талапкерлигин 30 депутат колдоого алды.

Буга чейин шаардык кеңештин 8-чакырылышындагы депутаттардын башы бирикпей келген. Алгач «Республика — Ата Журт», «Ата Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары биригип, «Биримдик» көпчүлүк коалициясын түзүшкөн. Бирок депутаттар бириге албай, тарап кетишкен эле. Андан кийин КСДП, «Республика», «Кыргызстан» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары биригип, «Жаңы Багыт» коалициясын түзүлүп, алар да иштеп кеткен эмес. Үчүнчү жолу КСДП, «Ата Журт», «Мекеним Кыргызстан», «Республика» фракциялары «Ийгилик» көпчүлүк коалициясын түзүшүп, бул сапар шаардык кеңештин төрагасын шайлашкан.

Мэр С.Авазовдун өмүр баяны

Аты-жөнү: Авазов Салайдин Абдивалиевич

Туулган жери: Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жийде айылы

Туулган жылы: 1955-жыл, 22-фераль

Улуту: кыргыз

Жарандыгы: Кыргызстан

Билими: Жогорку

- 1977-жылы Ташкент инженерлер институтун бүтүргөн. Адистиги — өнөр жай курулмаларын иштетүү жана автоматташтыруу;

- Илимий даражага жана аскердик наамга ээ эмес;

Алган сыйлыктары:

- 1999-жылы Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы;

- 2006-жылы «Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» наамы;

- 2009-жылы Энергетика министрлигинин «Каарман» төш белгиси.

Эмгек жолу:

- 1994-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты;

- 1977-1979-жылдары Жалал-Абад электр станциясынын (ПЭС ПС) кызматынын инженери;

- 1979-1979-жылдары (Жалал-Абад айыл курулуш адистештирилген көчүрмө механизациялаштыруу башкы механизм бөлүмү) башкы энергетик;

-1979-1983-жылдары «Ош облустук айыл чарба энерго» бирикмесинин башкы инженери, жетекчинин милдетин аткаруучу, бирикменин жетекчиси;

- 1983-1997-жылдары Жалал-Абад РЭСтин (райондук электр түйүн) башчысы;

- 1997-2001- жылдары Жалал-Абад электр станциясынын, «Кыргызэнерго» акционердик коомдун жетекчисинин орун басары;

-2001-2004-жылдары «Жалалабатэлектро» акционердик коомунун башкы директору;

- 2004-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Энергетика мамлекеттик агенттигинин директору;

- 2009-2010-жылдары «Ошэлектро» ААКтын башкы директору;

- 2010-2012-жылдары «Жалалабатэлектро» ААКтын башкы директору;

-2012-жылдан 2014-жылдын август айына чейин «Электр станциялары» ААКтын башкы директору;

-2014-жылдын 4-август айынан баштап Жалал-Абад шаарынын мэри.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

16.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин жаңы коалициясы соттун чечимине апелляциялык даттануу келтирет
27.01.2017Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги «Биримдик» көпчүлүк коалициясы тарады
06.02.2017Жалал-Абад шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлүп, курамына КСДП да кирди (фото, видео)
06.06.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин 8-чакырылышындагы депутаттардын жаңы курамы (тизме)
19.06.2017Жалал-Абад шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлүп, 2 партия оппозицияда калды (фото)
26.10.2017Видео - Жалал-Абад шаардык кеңеште жаңы коалиция түзүлүп, 2 партия оппозицияда калды
09.11.2017Мураталы Тагаев Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды (фото, өмүр баяны)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2266
Көп окулду
×