Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Жалал-абаддык мушкерлер бокс боюнча өлкөнүн биринчилигинде алтын, күмүш, коло медаль утушту

Turmush -  Бишкек шаарында чоңдор арасындагы бокс боюнча өлкөнүн биринчилиги жыйынтыкталып, Жалал-Абад облусунан барган мушкерлер жеңиш менен кайтышты. Бул тууралуу 22-ноябрда Жалал-Абад облусунун бокс федерациясынын машыктыруучусу, «КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу» наамына татыган Бакыт Рыскулов кабарлады.

Анын айтымында, биринчиликке Жалал-Абад облусунун сегиз мушкери катышып, алардын бирөө чемпион болуп, алтын медаль алса, үчөө күмүш медалдын, дагы бири коло медалдын ээси болушту.

«56 килограммдык салмакта беттешкен жалал-абаддык мушкерлер — Сражидин Алимбаев жердеши Баяман Алимбековду 5:0 эсебинде утуп, чемпион болсо, күмүш медаль Б.Алимбековго тийди. Жалал-абаддык дагы бир мушкер А.Абдурахманов атаандашы Эрмек Сакеновго 3:2 эсебинде жеңилип, күмүш медалга татыды. Ал эми жалал-абаддык мушкерлердин дагы бири Баяман Ильясов 81 килограммдык салмакта Бразилияда өткөн олимпиадалык оюндардын катышуучусу Эркин Адылбек уулуна утулуп, күмүш медаль тагынды. Кийинки Жалал-Абад облусунун намысын талашкан мушкер Бек Камчыбеков коло медалдын ээси болду», - деди Б.Рыскулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1148
Көп окулду
×