Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.11.2017 11:59

Жалал-Абадда Ата-бабаларды эскерүү күнүнө даярдыктар башталды

Turmush -  Бүгүн, 3-ноябрда Жалал-Абад шаарында 7-ноябрда өтүүчү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата даярдыктар башталды. Бул тууралуу шаардык маданият үйүнүн директору Кубаныч Курбаналиев билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Эркиндик аянтында өткөрүлөт. Учурда атайын театрлаштырылган оюн-зоок даярдалып жатат. Анда 1937-1938-жылдардагы репрессияда курман болгондордун тагдырлары чагылдырылат. Даярдык көрүү иштерине Жалал-Абад шаарындагы окуу жайлардын студенттери катышып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×