Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда күйдүргү оорусунун очоктору дезинфекцияланууда (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда күйдүргү оорусунун очоктору дезинфекцияланууда. Бул тууралуу облустук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Жумабек Аскаров билдирди.

Анын айтымында, облуста 370 күйдүргү оорусунун очоктору бар, анын 168и белгилүү болсо, 202 очок белгисиз.

«168 күйдүргү очок жылына 2 жолу — жазында жана күзүндө дезинфекциядан өткөрүлөт. Мындай иштер ошол жердеги топурактан кайра оору чыгып, тарап кетпеши үчүн жасалат», - деди ал.

Мындан сыртары, мал-жандыктарга жугуштуу ооруларга каршы алдын ала эмдөө иштери жүрүүдө.

«Жалал-Абад облусунун аймагында ушул жылдын 1-январына карата 311 миң 925 баш кара мал, 1 млн 265 миң 527 баш кой-эчки, 65 миң 984 баш жылкы, 72 баш чочко, 1 млн 67 миң 649 үй канаттуулары жана 88 миң 785 баш ит-мышык статистикалык комитет аркылуу каттоого алынган. Ошону менен бирге ветеринардык адистер элдин арасында жугуштуу оорулар жана эмдөөдөн өткөн малды союу, сатуу жана сүтүн пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 522
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×