Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абад шаары кышкы жылытуу сезонуна даяр (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаары кышка 100% даяр. Бул тууралуу Жалал-Абад райондор аралык жылуулук берүү өндүрүштүк биргелешкен ишканасынын жетекчиси Тыныбек Козубаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл борборлоштурулган жылытуу системасына бир үй кошулган, эми дагы көп кабаттуу үйлөр кошулууда.

«Бүгүнкү күндө кышка 100% даярбыз, мэриядан буйрук келген күндөн тарта шаар элине жылуулук бериле баштайт. Быйыл үч жаңы отказан алдык. Ал эми былтыркыдан ашкан 3 отказан бар эле, ошону кошкондо 6 жаңы отказан бар. Быйыл жалпысынан 5 млн сомдук оңдоо иштерин жүргүздүк. Өткөн жылы борборлоштурулган жылытуу системасында жалпы шаар боюнча 39 үй бар болсо, быйылкы жылы бир үй кошулуп кыркка жетти», - деди Т.Козубаев.

Бул жылытуу системасынын жардамы менен 8 бала бакча, 3 мектеп, 2 оорукана, 9 социалдык мекеме жылытылат.

Белгилей кетсек, быйылкы кышка 1400 тонна мазут, 1300 тонна көмүр запасы даярдалган. Өткөн жылы 20-октябрдан 19-мартка чейин жылуулук берилген. Анда 1500 тонна мазут жана 1600 тонна көмүр пайдаланылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 681
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×