Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда жол кырсыктын саны азайбай келет

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жол кырсыктын саны азайбай келет. Буга айдоочулардын билиминин жана тажрыйбасынын аздыгы негизги себеп болууда. Ошентсе да кырсыктан набыт болгондордун саны өткөн жылдарга салыштырмалуу азайды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык патрулдук милиция бөлүмүнүн издөө инспектору, милициянын ага лейтенанты Курстанбек Көчөрбаев билдирди.

Анын айтымында, жол эрежелерин бузган айдоочулардын саны көп. Көпчүлүгүнүн айдоочулук күбөлүгү болгону менен унааны башкарууда алардын тажрыйбасы аз болууда.

Алынган маалыматтарга караганда, жол кырсыктарды алдын алуу максатында патрулдук милиция тарабынан жыл ичинде 45 жолу рейд өткөрүлгөн. Жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуучулар арасында 8 жолу «Абайлагыла, балдар!» рейди өткөн.

«Өткөн жылы 9 айда 66 жол кырсыгы катталса, бул жылы 9 айда ушул көрсөткүч сакталды. Ал эми кырсыкка учурап, денесинен жаракат алгандардын саны 92 адам болсо, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 5 учурга азайган. Жол кырсыктан 2016-жылы 4 адам каза болсо, быйыл үч адамдын өмүрү кыйылды», - дейт ал.

Шаарда Патрулдук милициянын курамында 4 кызматкер иш алып барат. Алар тарабынан тейленген унаа жолдордун жалпы узундугу 164 чакырымды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 331
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×