Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда алдыңкы мугалимдер сыйланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 3-октябрда Жалал-Абад шаарында жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы драм театрда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу Салайдин Авазов баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Майрамдын жүрүшүндө өз ишинде ийгиликтерди багынткан мугалимдерге жана тарбиячыларга Жалал-Абад шаардык мэриясынын жана облус жетекчисинин атынан грамоталар жана дипломдор тапшырылды.

«Бүгүнкү күнү Жалал-Абад шаарында мугалимдердин кесиптик майрамы кызуу белгиленип жатат. Жалпы мугалимдерге чын ден соолук, кажыбас кайрат жана узун өмүр каалайм. Өткөн окуу жылы биз үчүн өтө ийгиликтүү жылдардын бири болду. Анткени биздин шаарыбыздын окуучулары облустук жана республикалык олимпиадалардан бир топ ийгиликтерди багынтты. Мындан сырткары, үч окуучубуз жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай топтоп, өлкө башчыбыздын колунан алтын сертификат жана баалуу белектерди алып кайтты.

Ал эми жаш кадрлар боюнча көйгөйлөр бар. Шаардагы мектептерде орус тилдүү мугалимдер жетишсиз. Бүгүнкү күнү бул көйгөйлөр чечилүүдө», - деди шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев.

Учурда Жалал-Абад шаарында 22 бала бакча, 20 мектеп бар. Ал билим уяларында билим алган жаштардын саны 22 миңди түзсө, мугалимдердин саны 200ди түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1116
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×