Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда №2 форма боюнча 17,4 миң шайлоочу арыз жазды

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 15-октябрда боло турган президенттик шайлоого катышуу үчүн жарандардан №2 формасы боюнча 17 миң 400 арыз жазылды. Бул тууралуу БШКнын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Дамир Жүндүбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин шаарда 38 миң 327 шайлоочу болсо, 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого карата №2, №3 формалары боюнча арыз толтургандар, жашы 18ге толгондор, биометриялык маалыматтан өткөндөр болуп, жалпы шайлоочулардын саны 53 миң 300 адамга жетти.

«№2 формадагы арыз толтургандардын саны 17 миң 400 адамды түздү, ал эми №3 формадагы арызды 144 адам толтурду. Кошумча шайлоо участкалары ачылган жок, буга чейин шайлоо өтүп келген 25 шайлоо участкасы иштейт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 428
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×