Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадга Швейцариянын элчиси келди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 3-октябрда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Швейцариянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Вероник Ульманн айымды кабыл алды. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, достук жана өз ара түшүнүүчүлүк маанайында өткөн жолугушууда М.Акматов Швейцария өкмөтү Кыргызстандын социалдык-экономикалык тармактарын өнүктүрүүгө ушул кезге чейин 370 млн швейцария франкын гранттык колдоо иретинде жумшагандыгын ыраазы болуу менен белгилеп кетти. Жалпысынан Жалал-Абад облусунда Швейцария менен соода-экономикалык кызматташуу жана саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу боюнча 32 келишим түзүлгөн. Өзгөчө GIZ программасы боюнча бир катар долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Өз кезегинде Швейцариянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Вероник Ульманн айым Жалал-Абад жана Ош облустары Швейцария үчүн приоритеттүү багыт болуп каларын баса белгиледи. Учурда GIZ программасынын алкагында 10го жакын долбоорлор иштеп жатат. Келечекте айыл жерлеринде жумушсуздуктун санын кыскартуу боюнча бир катар максаттар пландалууда. 

М.Акматов элчи айымдын: «Бизден сиздерге кандай жардам болуусун калаар элеңиздер?» деген сунушуна, эгерде мүмкүнчүлүк болсо Швейцария өкмөтү Жалал-Абад облусунун дыйкандары өстүргөн баалуу пахта буласы менен Майлуу-Суу шаарындагы электр лампаларын чыгаруучу заводдун электр энергиясын аз сарптоочу заманбап светодиоттук лампочкаларын экспорттоого көмөк көрсөтсө дурус болоор эле деген оюн айтты.

Жолугушуунун соңунда эки тарап мындан ары дагы тыгыз кызматташтыкта иш алып барууга даяр экенин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 650
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×