Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

«Тагдыр»: Жалал-Абадда жалгыз калган 89 жаштагы Н.Мисиров пенсия ала албай келет (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын 89 жаштагы тургуну Нурмамат Мисиров жардамга муктаж. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун кызматкери Акжол Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында, Н.Мисиров акыркы 3 жылдан бери май алмаштыруучу жайда кароолчу болуп иштеп келген. Ден соолугу начарлагандыктан ошол жакта иштеген балдар ооруканага таштап кетишкен.

«Биздин жардамыбыз менен эки анализин тапшырды. Учурда томография жана башка анализдерин тапшыруу керек болуп жатат. Ата пенсия албайт экен. СССРдин паспорту менен жүрөт», - деди ал.

Н.Мисировдун айтымында, ал балдарын 10 жылдан бери көрө элек.

«Мен Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Теңдик айылында туулгам, кемпирим Үсөн кызы Диляра 2007-жылы каза болуп калган, төрт балам бар. Бахтияр Мисиров 1964-жылкы, кызым Анаркан Мисирова 1969-жылкы, Ыхтыяр Мисиров 1970-жылкы, Закир Мисиров 1972-жылкы, эки балам Россияга көп жыл мурун кетишкен, кызым менен улуу балам Өзбекстанда. Балдарым менен акыркы жолу 10 жыл мурун жолуккам, себеби союз тарап, чек аралар такталып, биздин үй Өзбекстанда калып кетти. Паспортум эски болгондуктан чек арадан өтө албайм. Пенсия алуу үчүн социалдык кызматкерлерге кайрылсам, көп документтерди толтуруп келүүмдү айтышты. Мен аларды толтурууга алым келбейт. Өзүм ооруп, кыйналып турам», - деди Н.Мисиров.

Карыя 3 жыл мурун ага Зульфия аттуу кыз жардам берип, ал май алмаштыруучу жайда кароолчу болуп иштегенин кошумчалады.

Акжол Тургунбаевдин айтымында, алар жеке менчик лабораториясына анализ тапшыртышкан.

«Карыганда атанын көчөдө калганы жүрөктү оорутуп жатат. Жакында эле анализ тапшырттык, эми жыйынтыгы чыгат. Өзүм колумдан келген жардамымды берип жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 671
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×