Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда алдыңкы ишкерлер сыйланды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында «Жаш ишкерлер ассоциациясынын» (ЖИА) мүчөлөрүнүн жалпы жыйыны өтүп, экономика, бизнес, каржы, ошондой эле жаңы бизнес башталыштар боюнча кеңири талкуу болду.

Маалыматка караганда, ага жергиликтүү бийликтин жана коомчулук өкүлдөрү да катышты.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров жеке ишкерлерге ийгилик каалап, шаардын экономикасынын алга жылуусуна чоң салым кошуп жаткан алдыңкы ишкерлерге мэриянын грамоталарын жана ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

ЖИАнын Жалал-Абаддагы кеңсеси 2013-жылы түзүлүп, бүгүнкү күндө 80 ишкерге ар кандай колдоо, кызмат көрсөтүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 377
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×