Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда карыларга камкордук көрүүнүн бир айлыгы жүрүп жатат

Turmush -  1-октябрь – Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад облусунда 15-сентябрдан 15-октябрга чейин «Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук көрүү» бир айлык акциясы жарыяланды. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, өкмөттүн өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин ушул жылдын 27-сентябрындагы №280 буйругуна ылайык өзүнүн резервдик фондунан Сузак районундагы Октябрь айылындагы карылар үйүнө 25 миң сом, Токтогул районундагы Токтогул шаарчасындагы карылар үйүнө 10 миң сом, облустун аймагында жашаган жана 100 жаштан ашкан 67 карыялар менен энелерге 33 миң 500 сом которуу жолу менен төлөнүп берилди.

«Жалал-Абад облусундагы 55 мекеме-уюмдардын жетекчилерине аталган бир айлыктын алкагында карыларга камкордук көрүү тапшырмасы берилди. 2016-жылы облус боюнча 13 миң 957 улгайган курактагы кадырман аталар менен энелерге 10 млн 399 миң 666 сомдук акчалай, тамак-аш жана кийим-кечелер түрүндө жардамдар көрсөтүлгөн», - деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Абдулла Камбаров.

Бир айлыктын алкагында облустун бардык райондору менен шаарларында жана айыл аймактарында тиешелүү иштер өткөрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 353
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×