Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда пахта терими кызыды: Быйыл 35,5 миң тонна «ак алтын» жыйноо пландалууда (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда пахта терими кызыды. Бул туурасында өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы маалымдады.

Сузак районуна караштуу Атабеков айыл аймагынын Кызыл-Багыш айылынын дыйканы Алымжан Халдаров быйылкы жылы өз үлүшүндөгү 90 сотых аянтка пахта өстүргөн. Учурда пахтанын экинчи терими кызуу жүргүзүлүп жатат. Анын пахта талаасына теримге жардамга келген кыз-келиндер күнүнө 600 сомдон акы алышат.

«Пахтанын түшүмү өзүңүздөр көрүп тургандай жаман эмес. Максатым 3 тоннадан ашуун пахта жыйнап алуу. Азыр пахтанын 1 кг баасы 44 сомго чыкты. Дагы бир аз көтөрүлсө жаман болбос эле. Биз пахтаны өстүрүү үчүн талаада 6 ай эмгектенебиз», - дейт дыйкан А.Хайдаров.

Өкүлдүн аппаратынын агро өнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу секторунун башчысы Нурбек Женалиевдин айтымында, облус боюнча быйылкы жылы 11 миң 451 гектар аянтка пахта өстүрүлдү. Былтыркы жылга салыштырмалуу пахтанын аянты быйылкы жылы 1708 га аянтка көбөйтүлдү.

«Учурда пахта терими кызыган кези. Түшүм жаман эмес. Быйыл ар гектардан орточо 31 центнерден түшүм алганыбызда эң аз дегенде 35 миң 500 тонна «ак алтындын» түшүмүн алууну көздөп жатабыз», - дейт ал.

Сузак районуна караштуу Ырыс айыл аймагындагы пахтаны кайра иштетүүчү «Зирветекс» ЖЧКнын жумушчулары пахта буласын чыгаруу ишин башташты. Пахтаны кайра иштетүү ишканасынын жетекчиси Равиль Бадалов белгилеп кеткендей, учурда ишканада 30 адам жумуш орду менен камсыз болушкан. «Зирветекс» ишканасы жылына 5 миң тонна пахтаны кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

«Учурда ишкананын пахта даярдоочулары дыйкандар менен фермерлерден пахтанын 1 кг 44 сом 80 тыйындан алып жатышат. Дыйкандар өздөрү дагы бизге алып келип тапшырууда. Биздин башкы максат — дыйкандардын пахтасын кайра иштетип, таза буласын чыгарып берүүгө сапаттуу кызмат көрсөтүү болуп саналат. Быйылкы жылга карата 3 миң тонна пахтанын буласын ажыратып берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Пахта түшүмү мол болсо 5 миң тоннага чейин иштетүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар», - дейт Р. Бадалов.

Быйыл Ноокен районунда 5595 гектар, Базар-Коргон районунда 3266 гектар, Сузак районунда 1822 гектар, Аксы районунда 529 гектар жана Ала-Бука районунда 95 гектар аянтка пахта өстүрүлгөн. Мындан сырткары, Ноокен жана Сузак райондорунда 800 гектар аянтка экологиялык жактан таза болгон биопахта өстүрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1042
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×