Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда ардактуу донорлор сыйланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 26-сентябрда Жалал-Абад шаарында донорлор күнү белгиленип, донор болуп келген жарандарга сый тамак тартууланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Донорлор күнүнө арналган саамалыкка өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, облустук клиникалык оорукананын жетекчиси Ж.Карабаев, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси М.Миянов катышып, донорлорду адам өмүрүн сактап калууга эбегейсиз көмөк көрсөтүп жатканын, кандын маанилүүлүгүн жана зарылдыгын белгилеп өтүштү.

Ы.Ызабеков айрым дорнорлорго ыйгарымдуу өкүлчүлүктүн ардак баракчасын жана 20 донорго 1000 сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Саамалыктын алкагында 5 жаранга «Ардактуу донор» наамы ыйгарылды. Анын бири — Абдукадиров Асланбек. Ал 55 жолу акысыз кан тапшырганын жана кан тапшыруу ден соолукка да пайда экенин белгиледи. Анын айтымында, 2007-жылы досуна кан керек болуп, кан берген. Андан кийин 10 жылдан бери донор болуп келет.

«Ооруп жаткан жарандарга албетте акчалай жардам көрсөтө албайбыз. Ошол үчүн мен балдарыма дагы кан берип көмөк көрсөтөлү деп айтып жатам. Кан тапшыргандан кийин жеңилдеп, бир топ эле өзгөрүү болот», - дейт ал.

Облустук кан борборунун жетекчиси Нурдин Эрматовдун айтымында, облуста 4-5 миң донор болсо, анын жарымын Жалал-Абад шаарынын жашоочулары түзөт.

«30 жолудан ашык акысыз кан тапшырган адам ардактуу донор боло алат жана ай сайын ага өкмөт тарабынан жөлөк пул берилет. Ардактуу донорлор эмгек өргүүгө каалаган учурда чыга алышат. Алар канга муктаж жарандардын өмүрүн сактап калууга жардам берип жатышат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 506
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×