Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Чехиянын Кыргызстандагы элчиси Жалал-Абадга келди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 26-сентябрда Чехиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигова айым атайын иш сапары менен биринчи жолу Жалал-Абад облусуна келди. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, жылуу маанайда өткөн жолугушууга ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов, Чехиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Ладислав Штайнхюбел жана Чехиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Марат Жаанбаев катышты.

К.Сатыбалдиев  Чехиянын элчилигинин өкүлдөрүнө Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык жана маданий тармактары туурасында кеңири маалымат берди.

«Жалал-Абад облусунда тоо-кен байлыктарынын мол запасы камтылган. Алтындын өзүнөн эле тоо-кен тармагында 500 тонна запасы бар. Айыл чарбасы менен  өнөр жай тармагы жыл санап өнүгүп жатат. Облус аймагында иштеп жаткан 6 ГЭС Кыргызстанда иштелип чыккан жалпы электр энергиясынын 90 пайызын берет. Республикадагы экспорттун 40 пайызын Майлуу-Суу шаарындагы электр лампаларын чыгаруучу заводдун продукциясы түзөт. Туризм тармагын өнүктүрүүдө Сары-Челек менен Тогуз-Торо районундагы «Саймалуу-Таш» мамлекеттик коругунун, жаңгак токойлуу Арстанбап менен Кара-Алманын жана Жалал-Абад санаториясынын мүмкүнчүлүктөрү кенен», - деди К.Сатыбалдиев.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов иштелип чыккан инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди.

«Жалал-Абад санаториясынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында 10 инвестициялык долбоорлор иштелип чыккан. Атап айтканда, санаторияга кетүүчү канаттык асма жол куруу, санаториянын аймагына заманбап эс алуучу сейил багын куруу сыяктуу долбоорлор бар», - деди С.Авазов.

Өз кезегинде Элишка Жигова Кыргызстандын аймактарына көңүл бурулуп жатканын айтты.

«Кыргызстанда элчи болуп иштеп жатканыма 3 жылдын жүзү болду. Буга чейин Бишкекте 2 жолу Чехиянын экономикалык бизнес форумун, 1 жолу Кыргызстандын Прагадагы бизнес форумун ийгиликтүү өткөрүүгө жетиштик. Биздин максат Кыргызстандын аймактарына көңүл буруу болуп саналат. Чехияда дүйнөгө белгилүү болгон 33 курорттук жайлар бар. Туризм тармагын өнүктүрүүдө биргеликте кызматташууга дайым даярбыз. 2018-жылы Жалал-Абадда элибиздин маданиятын жана киносун даңазалаган Чехиянын күндөрүн өткөрүүнү максат кылып жатабыз», - деди элчи.

Чехиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Марат Жаанбаев чехиялык ишкерлер Жалал-Абадда аквопарк менен бассейн куруу жана Жалал-Абаддын бренди болуп калган жаңгактарын сатып алууга абдан кызыкдар болуп жатканын билдирди.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 698
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×