Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль уткан спортчуну өкмөт өкүлү куттуктады (фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-сентябрда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев армрестлинг – кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын коло медалынын жеңүүчүсү Аскат уулу Өткүрдү кабыл алды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Быйылкы жылдын 5-сентябрынан 11-сентябрына чейин Венгриянын борбору Будапешт шаарында кол күрөш боюнча дүйнөнүн 39-чемпионаты болуп өттү. Дүйнө чемпионатына 60тан ашуун мамлекеттин спортчулары катышкан. Кыргызстандан 11 спортчу барып, жыйынтыгында 1 күмүш жана 3 коло медалдын ээси болушкан. 50 кг салмактагы 18 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында 16 жаштагы таш-көмүрлүк Аскат уулу Өткүр сол колу менен таймашып, байгелүү коло медалдын ээси болуп калды.

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев жаш спортчу Аскат уулу Өткүрдү дүйнөлүк мелдештеги коло медалдын ээси болушу менен куттуктап, башына ак калпак кийгизди. Жаш спортчу коло медалга Казакстан, Россия, Түркмөнстан жана Өзбекстандан барган атаандаштарын жеңүү менен татыктуу болду. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн Аскат уулу Өткүрдү Жалал-Абад облусунун ага машыктыруучусу Каныбек Эсенгелдиев тарбиялап жатат. Ал кол күрөш менен машыга баштаганына 2 жылдын жүзү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1079
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×