Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда 26 жаштагы жигит ири суммадагы жасалма акча менен кармалды

Turmush -  Жалал-Абад облусунда ири суммадагы жасалма акча алып жүргөн 26 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош жана Жалал-абад ОИИБдин кызматкерлери жасалма акчаларды өткөрүп, мыйзамага каршы ишмердүүлүк менен алектеген жарандарды кармоо боюнча атайын операция жүргүзүгөн. Иш-чаранын жүрүшүндө Сузак районунун 26 жаштагы тургундун «Хонда» үлгүсүндөгү унаасынан жалпы суммасы 9 миң 800 долларды түзгөн 100 долларлык купюралары табылды.

Жасалма банкноттор күбөлөрдүн катышуусунда алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 198-беренесинин 2-бөлүмү (Жасалма акча же баалуу кагаз даярдоо, сактоо же өткөрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда жасалма акча белгилерин даярдоого жана өткөрүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоого багытталган ыкчам-изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1131
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×