Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда Карылар күнүнө 100 миң сом бөлүндү

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы «Кайрымдуулук» борборуна 1-октябрда белгиленүүчү Карылар күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Тайырбек Чойбеков билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта карыларга материалдык жардам көрсөтүү үчүн алардын тизмеси такталууда.

«Биздин борбор жергиликтүү бийликтин карамагында болгондуктан, шаардык социалдык коргоо башкармалыгы жыл сайын бизге канча карыя бар экендигин тактап беришет. Биз ошого карап канчасы өзү басып келе алат, канчасы келе албашын тактап чыгабыз. Бул жылы да карыларыбызды бир күн болсо да маанайын көтөрүү максатында атайын белектерди камдап жатабыз жана аларга майрамдык сый-тамак уюштурулат», - дейт Т. Чойбеков.

Алынган маалыматка караганда, быйылкы жылы шаарда 90 жаштан ашкандарынын саны 47, ал эми 80 жаштан ашкандары 275 жана 70 жаштан өткөндөрү 1200 болуп, алардын баары 1522 улгайган пенсионерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 636
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×