Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда мамлекеттик тилдин ыйыктыгы даңазаланды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында кечээ, 21-сентябрда Мамлекеттик тил күнү белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага катышкан мектеп окуучулары менен шаардагы жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери менен коомчулукту Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Урмат Маматов, КРнын эл акыны Рахматулла Козукеев жана башкалар куттукташты. Алар тили жок эл болбой тургандыгын, мамлекеттик тилди дагы өркүндөтүү зарылдыгын, ар бир адам эне тилдин тазалыгы үчүн үлүш кошуусу керектигин белгилешти.

Мамлекеттик тил комиссиясынын облустагы өкүлү Үпөл Садыш кызы эне тил тууралуу ырды көркөм окуу менен, «Гүлкайыр» этнографиялык-фольклордук тобунун жетекчиси Г.Табалдиевага КРнын мамлекеттик тил комиссиясынын «Ыйык тил» төш белгисин тапшырды. Салтанат жергиликтүү өнөрпоздордун эне тил тууралуу жана Сузак районундагы алтымыш жаштан ашкан энелерден куралган «Аялзат» ыр-бий тобунун концерти менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 444
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×