Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда «Бийлейли кыргыз бийлерин!» аттуу фестиваль өттү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 21-сентябрда «Бийлейли кыргыз бийлерин!» аттуу фестиваль болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага шаардагы кыздардын «Ай-бий», «Сайма», «Гүлкайыр», «Баян», «Даткайым» командалары катышты. Фестивалдын максаты — кыргыз бийи менен ырларын даңктоо болду. Анда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин облустагы өкүлү Р.Козукеев, бир нече кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга жетишип жаткан «Ай-бий» тобунун көркөм жетекчиси Айпери Нурлан кызы министрликтин жакындагы буйругу менен «КРнын маданиятынын мыктысы» төш белгиси менен сыйлангандыгын, аны төш белги келгенде тапшыраарын билдирди.

Облустук телеканал тарабынан уюштурулган иш-чарада ЖМТРКнын төрагасы Т. Алдакулов бий өнөрүн өркүндөтүүгө катышканы жана көрүүчүлөргө рухий азык тартуулаганы үчүн фестивалдын катышуучуларына ардак грамоталарды тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 661
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×