Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абад шаарында 6 көчө 69 млн сомго асфальтталууда (фото)

Turmush -  Бүгүн, 20-сентябрда вице-премьер-министр Д.Зилалиев Жалал-Абад шаарына жасаган иш сапарын жолу оңдолуп жаткан Кыргыз Республикасы көчөсүн көрүүдөн баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Д.Зилалиевди өкмөттүн өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, шаар мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов коштоп жүрөт.

С.Авазовдун айтымында, аталган көчөнүн жалпы узундугу 2 чакырымды түзөт. Учурда жолдун 60%на асфальт төшөлүп бүтүп калды. Көчөнүн жалпы сметалык баасы 15 млн сом болсо, тендерден «Абий» ЖЧКсы 10 млн 363 миң сом утуп алган. Учурда жолду оңдоо жумушу кызуу жүрүүдө.

«Көчө 30 жылдан бери оңдоло элек болчу, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка оңдолуп жатат», - деди С.Авазов.

Андан соң алар Курулушчулар көчөсүндө болушту. Андагы көчөнү жаңыдан куруу үчүн 25 млн сомго тендер өтүп, аны 20 млн сомдук смета сунуштаган ишкана утуп алды. Ленин көчөсүндөгү жол тыгынын болтурбоо үчүн бул көчө жаңыдан курулууда.

Маалым болгондой, шаар аймагындагы Кыргыз Республикасы, Барпы Сейил, Шерматов, Курулушчулар, Төш-Кутчу, Октябрь көчөлөрүнө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка асфальт төшөлүп жатат. Бардык көчөлөрдөгү иштер октябрь айына чейин бүткөрүлөт. Жалпы 7 чакырым жол оңдолот. Ага республикалык бюджеттен 69 млн сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 353
Комментарии
Көп окулду
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.